Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:53
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президенттин алдында Санариптештирүү боюнча кеңеш түзүлөт

22.07.2021 07:22
415
Президенттин алдында Санариптештирүү боюнча кеңеш түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Кыргыз Республикасынын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:


— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүлсүн;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Хрипунов Павел Владимирович Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалсын;


— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2021-жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук офисти уюштурсун.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн