Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президенттик аппараттын дагы 8 кызматкеринен COVID-19 аныкталды

26.06.2020 12:53
1256
Президенттик аппараттын дагы 8 кызматкеринен COVID-19 аныкталды


Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу Президенттин аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда,  анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.


«Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша жыйынтыктары өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат. Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда», - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталганы маалымдалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн