Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президенттин катышуусунда өтө турган "Мурас" турнири боюнча чүчү кулак ташталды (тизме)

06.12.2022 14:28
758
Президенттин катышуусунда өтө турган "Мурас" турнири боюнча чүчү кулак ташталды (тизме)

Бүгүн, 6-декабрда, футбол боюнча "Мурас" турниринин чүчү кулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

Иш-чара Кыргыз футбол союзунун кеңсесинде өтүп, ага турнирге кирген 16 команданын өкүлдөрү катышкан.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча 16 команда төрт топко бөлүндү:


А тайпасы: "Президенттин командасы", "Фемида", "Журналисттер", "Спорт федерациялары";

В тайпасы: "Жогорку Кеңеш", "Коопсуздук", "Достук", "Бизнес";

С тайпасы: "Алга", "Элчилер", "Спорт жылдыздары", "Билим";

D тайпасы: "Ыйман", "Өнөр", "Аймактар", "Ден соолук".

Биринчи беттештен соң ар бир тайпадан жеңүүчүлөр жана өз тобуна экинчи орунду алган командалар жарым финалга чыгышмакчы.

Топтук оюндар 14-декабрда, ал эми чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттеш 15-декабрда өтөт.

А жана В тайпаларынын оюндары түз эфирде ЭлТР каналынан, ал эми С жана D тайпаларынын беттеши УТРК каналынан көрсөтүлөт.

Турнир өлкөдө спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулган. Иш-чара Кыргыз футбол союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен жылына эки жолу өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн