Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Пригородное айылында аялдар Кармышаков менен сүйлөшүүдөн кийин деле нааразылык акциясын улантууда

15.04.2021 14:35
656
Пригородное айылында аялдар Кармышаков менен сүйлөшүүдөн кийин деле нааразылык акциясын улантууда

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдар менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Вице-премьер сүйлөшүүлөргө кошулду. Буга чейин алар менен Чүй облусунун башчысы, Аламүдүн районунун акими жана банк өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Улукбек Кармышаков аялдар менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү боюнча журналисттерге жооп берген жок.


Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында аялдар өздөрүнө бензин куюп, өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн