Нарын шаарынын мэри жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын областтык прокуратурасы Нарын шаарынын мэрин жана салык кызматынын башчысын Салык кодексинин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишээрлик деңгээлде жүргүзүшпөгөндүгү үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 435-беренеси (Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу) боюнча жоопкерчиликке тартып, аларга 10 миң сомдон айып салган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн