Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Прокуратура жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттар талкуусуз кабыл алышты

01.11.2023 12:39
350
Прокуратура жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттар талкуусуз кабыл алышты


Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Жазык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда талкуулабастан колдошту.


Баяндамачы - башкы прокурор Курманкул Зулушев. Ал белгилегендей, документ айрым нормаларды Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, карама-каршылыктарды жоюу, ошондой эле укук колдонуу практикасын эске алуу менен айрым жоболорду өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.


Мыйзамдагы жаңычылдыктардын арасында 30 жаштан кем эмес, беш жылдан кем эмес прокуратура органдарында прокурор же тергөөчү болуп иштеген адамдар белгиленет.


Кызматкерлерди аттестациялоону Башкы прокуратуранын Жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы жана Аскер прокуратурасынын, областтык прокуратуралардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аттестациялык комиссиялары жүргүзүшөт.


Депутат Акылбек Түмөнбаев долбоорду талкуусуз колдоо демилгесин көтөрдү.


Добуш берүүнүн жыйынтыгында өзгөртүүлөргө 76 эл өкүлү добуш берсе, эч кимиси каршы добуш берген жок. Жалпысынан 79 депутат каттоодон өткөн.


“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзам долбоорунун толук тексти менен бул жерден таанышууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн