Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Прокуратурадан тергөөнү алып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

31.05.2023 15:44
235
Прокуратурадан тергөөнү алып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү


Жогорку Кеңеште прокуратура органдарынан тергөө функциясын алып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Аталган демилгени президент Садыр Жапаров сунуштап, парламентте юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасады.

"Мыйзам долбоору укук коргоо органдары системасында тең салмактуулук принцибин камсыздоо менен жазыктык куугунтуктоону жүргүзүүдө коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого багытталган. Прокуратура тарабынан жүргүзүлчү көзөмөл функцияларын төмөндөтүү же алып салуу максатын көздөбөйт. Аскер кызматкерлеринин ишин тергөө өзүндө калат", — деди Баетов.

Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент тарабынан сунушталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн