Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пульмонолог Т.Сооронбаев коронавирустун экинчи, үчүнчү толкуну тууралуу эмне дейт?

04.08.2020 10:48
935
Пульмонолог Т.Сооронбаев коронавирустун экинчи, үчүнчү толкуну тууралуу эмне дейт?


Алдын ала айтуу, болжолдоо - бул оор процесс, азыр мен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кылган прогнозго гана багыт кыла алам. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирустун экинчи жана үчүнчү толкуну болушу мүмкүнбү? деген суроого жооп берип жатып билдирди. 


Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясы азайбай, толкун сыяктуу болушун болжолдоп жатат. 


"Көпчүлүк эксперттер экинчи толкуну болорун  жана балким августта же күзгө карата ушундай кырдаал болорун айтып жатышат. Ошондуктан биз ар кандай сценарийлерге даяр болушубуз керек. Тактап айтканда, биз азыр оор абалдагы бейтаптардын санын азайтып, өлүмгө жол бербегенге же алардын санын азайтууга күчүбүздү жумшашыбыз керек. 


Биз учурда мындай кырдаалга даярданып жатабыз, биздин команда иштеп жатат, анализ жүргүзүүдө. Менимче Кыргызстанда так багыт аныкталып, ошого жараша даярдык иштери жүргүзүлөт", - деди ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн