Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Путин Кызыл аянтта Жеңиш парадын кабыл алды

24.06.2020 18:23
658
Путин Кызыл аянтта Жеңиш парадын кабыл алды


Бүгүн, 24-июнда Москванын Кызыл аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгынын урматына арналган Аскердик парад өтүп, аны РФ Президенти Владимир Путин кабыл алды. Коронавируска байланыштуу мөөнөтү жылдырылган быйылкы Жеңиш парады 75 жыл мурдагы жеңүүчүлөрдүн тарыхый парады өткөн күнгө туура келди.


Парад алдында сөз сүйлөгөн Россиянын лидери: “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш ондогон жылдар алдыга бүткүл паланетанын келечегин аныктады жана ал тарыхта масштабы, руханий жана ыймандык бийиктиги боюнча эң ири окуя боюнча калды”, - деп айтты.


Аскердик парадга атайын чакырылган ардагерлер, чет мамлекеттердин лидерлери, алардын арасында Абхазия, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Молдавия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери көз салышты.

Маалыматтарда айтылгандай, Путиндин чакыруусу боюнча атайын Москвага учуп барган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков коштоочуларынан коронавирус аныкталгандыктан, майрамдык салтанаттуу иш-чарага катыша алган жок.


Путиндин айтымында, “бул парад көзгө көрүнбөгөн күчтүн шаңы, жамандыкты жеңген жакшылыктын, согушту уткан тынчтыктын, өлүмдү жеңген өмүрдүн салтанаты” катары тарыхта калды. Бүгүн биз согуштан кайтпай калгандардын алдында башыбызды ийебиз. Арабыздан кеткен ардагерлерге аза күтөбүз”, - деп баса белгиледи Путин.


Бүгүнкү парадга 13 000 аскер, 200 бирдик техника, 75 самолёт жана вертолёт катышты. Парадды Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы кол башчысы генерал Олег Салюков башкарып, парадды коргоо министри Сергей Шойгу кабыл алды.


Параддык катар менен Азербайжан, Армения, Белоруссия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын аскерлери да өтүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн