Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:17
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2021 17:13
611
Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргыз Республикасында өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган маанилүү кайра куруулар ишке ашырылууда.


Сиздин мамлекеттерибиздин союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле евразиялык интеграциялык процесстерди, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө болгон умтулууңузду баалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Владимир Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним артат.


Россиянын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн