Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Владимир Путин "Вагнер" окуясынан кийин кайрадан кайрылуу жасады

27.06.2023 09:22
746
Владимир Путин "Вагнер" окуясынан кийин кайрадан кайрылуу жасады


Россия президенти Владимир Путин ишемби күнү болгон "Вагнер" окуясынан кийин түз эфир аркылуу Россия элине кайрылып, билдирүү жасады.


Анда РФ лидери бир нече учурга токтолду.
Ал Россия элине кайрылып, алардын чыдамкайлыгы, биримдиги жана патриоттуулугу үчүн ыраазылыгын билдирди.

“Бүгүн мен дагы бир жолу Россиянын бардык жарандарына кайрылам. Чыдамдуулугуңуз, тилектештигиңиз жана мекенчилдигиңиз үчүн рахмат. Жарандык тилектештиктин күчү ар кандай коркутуу, ички башаламандыктарды жаратуу аракетин ийгиликсиз кыларын көрсөттү”, — деп белгиледи Путин.


РФ лидери козголоңчуларга тоскоол болуп, өз милдетине, антына, элине бекем турган бардык аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматка ыраазычылык билдирди.


“Курман болгон баатыр-учкучтардын эрдиги жана кан-жанын аябагандыгы Россияны кайгылуу, кыйратып кете турган кесепеттерден сактап калды”, — деди.


Андан сырткары, "Вагнердин" жалгыз чечимди кабыл алып, боордошторунун канын төгүүгө макул болбогон командирлерине жана жоокерлерине ыраазылыгын айтты.

Ал кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө билек түрө киришкен Беларусь президенти Александр Лукашенкого да ыраазылыгын айтты.


Путин бул күндөрү чечүүчү ролду жарандардын патриоттук духу ойногонун, Россиянын жалпы коомунун консолидациясы маанилүү ролду ойногонун белгиледи.


“Бул колдоо биздин Мекен үчүн эң оор сыноолорду бирге жеңип чыгууга мүмкүндүк берди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Путин.


Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.


РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.


“Бүгүн сиздерде Коргоо министрлиги же башка күч түзүмдөрү менен келишим түзүп, Россияга кызмат кылууну улантууга же үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга кайтууга мүмкүнчүлүк бар. Каалагандар Беларуска өтө алат. Мен берген убада аткарылат”, — деди РФ лидери.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн