Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү 4 саатка созулду. Алар эмнени талкуулашты?

15.09.2020 13:31
1148
Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү 4 саатка созулду. Алар эмнени талкуулашты?


Сочиде Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун сүйлөшүүлөрү аяктады, деп жазат РИА Новости. 


Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки президенттин сүйлөшүүсү төрт саатка созулганын билдирди. Анын айтымында, алар биринчи кезекте эки тараптуу байланыш, соода-экономикалык кооперация маселелерин талкуулашты.  


"Эки тараптуу экономикалык мамилелердин эң негизгиси - бул товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу", - деди Песков. 


Ошондой эле, ал Беларуста президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн ички кырдаал тууралуу айтып жатып, Кремль Лукашенконун республиканын мыйзамдуу президенти катары эсептерин белгиледи. 


Ал эми Лукашенко айткан конституцияны өзгөртүү планы боюнча Песков: "Ооба, Путин бул прецессти колдорун айтты. Бирок, ага эч ким, Москва шаары жана европалык өлкөлөр дагы кийлигише албайт", - деп белгиледи. 


Буга чейин А.Лукашенко 14-сентябрда В.Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге барганы маалымдалган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн