Учтун айы 29, 2025
Убакыт: 04:38
USD
87.30
87.80
EUR
90.90
91.90
RUB
0.880
0.910

Путин миграция саясатын катаалдаштыруу боюнча мыйзамдарга кол койду

10.11.2024 15:00
2348
Путин миграция саясатын катаалдаштыруу боюнча мыйзамдарга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин миграциялык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизген бир катар мыйзамдарга кол койду. Мамлекеттик Думанын депутаттары аларды октябрдын аягында кабыл алса, Федерация Кеңеши 6-ноябрда бекитти. Бул тууралуу "Коммерсант" жазып чыкты.

Президент кандай мыйзамдарга кол койду?

- мыйзамсыз миграцияны уюштурууда алынган акчаларды, баалуулуктарды жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө;
- уюшкан топ тарабынан же оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо максатында жасалган мыйзамсыз миграцияны уюштурууну өзгөчө оор кылмыштарга квалификациялоо жөнүндө;
- Россияда мыйзамсыз жүргөн адамдын кылмыш жасагандыгын оордотуучу жагдай катары таануу жөнүндө;
- мигранттар үчүн мыйзамсыз кызмат көрсөтүүчү сайттарды соттон тышкаркы бөгөттөө боюнча;
- ортомчу уюмдарга мигранттардан сынак тапшырууга тыюу салуу жөнүндө.

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча беш демилгеден турган пакетти вице-спикер Ирина Яровая жетектеген комиссия иштеп чыккан. Мамлекеттик Дума мыйзамдарды бир добуштан колдоду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн