Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Путин ок атууну убактылуу токтотууну тапшырды

06.01.2023 10:17
731
Путин ок атууну убактылуу токтотууну тапшырды

Россиянын президенти Владимир Путин 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин Украина менен аскердик тиреш жүрүп жаткан бардык аймактарында ок атышууну убактылуу токтотууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.


Путин Москва менен Бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин бул убакытта элдешүү болсун деген кайрылуусун эске алуу менен коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырма берген.


Маалыматта согуш жүрүп жаткан аймактарда көп сандаган православ христиандары жашагандыгы белгиленген. Россия бийлиги Украина тарапты да ок атууну токтотууну жарыялоого, элге Рождество маймарамында сыйынуучу жайларга барууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн