Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Путиндин кызы коронавируска каршы Россиядан чыккан вакцинаны алды

11.08.2020 16:57
896
Путиндин кызы коронавируска каршы Россиядан чыккан вакцинаны алды


Владимир Путиндин кызы коронавируска каршы Россиядан чыккан вакцинаны алып, сыноодон өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары президент өзү өкмөт менен болгон жолугушуу учурунда айтканын жазып чыкты.


"Вакцина туруктуу антитело жана клетка иммунитетин түзүп, жакшы иштейт. Мен муну билем. Анткени менин кыздарымдын бири вакцинаны алып көрдү. Бул жагынан алганда ал вакцинаны сыноого катышты деп ойлойм", - деген Путин.


Ошондой эле ал биринчи эмдөөдөн кийин кызынын дене табы 38 градуска көтөрүлүп, эртеси кайра калыбына келгенин, учурда ошол бойдон турганын кошумчалаган.


Буга чейин Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында коронавируска каршы алгачкы вакцина Россияда катталганын жар салган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн