Бишкектеги Red Centre соода борборунан жардыруучу зат табылган жок. Мындан улам курчоолор алынды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 31-январда саат 18:53тө аталган соода борборунда бомба коюлган деген маалымат түшкөн.
Ыкчам чара көрүү иш-чаралардын негизинде имараттын ичинде изилдөө иштери жүргүзүлүп, жардыруучу зат табылган эмес.
Соода борборундагы курчоолор алынып, кадимки тартипте ишин улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн