Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Республикалык ок атуу чемпионаты жыйынтыкталды

19.03.2022 12:22
651
Республикалык ок атуу чемпионаты жыйынтыкталды

Ички иштер министрлигинде А.Мелентьевдин жаркын элесине арналган 3 күндүк Чепионат жыйынтыкталды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 2022-жылдын 18-мартында ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган республикалык ок атуу боюнча 3 күндүк чемпионат жыйынтыкталды. Чемпионатка катышкан 15 команда граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу, ошондой эле биатлон спортунун түрлөрү боюнча күч сынашып, жыйынтыгында татыктуулар тандалды. 


Катышуучулардын көрсөткүчүн эсептөө менен байгелүү орундардын ээлери аныкталып, 1-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полку, 2-орунду Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана 3-орунду ИИМдин Ички аскерлеринин курама командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. 


Андан сырткары кызматтык көп түрдүүлүк боюнча жеке жетишкендиктери үчүн 31 жаштан жогорку жана 30 жашка чейинки курактагы айымдар, ошондой эле 41 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки эркектер арасында алдыңкы 3 орун сыйлыкка татыды. Андан сырткары, “Макаров” тапанчасынан, “Калашников” автоматынан жана майда калибрдүү мылтыктан ок атуу боюнча аялдар жана эркектер арасында жеке жетишкендиктери үчүн медалдар менен сыйланышты. 


Сыйлык тапшыруу салтанатына Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги милициянын подполковниги Алишер Барпиев, Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Мамадалы Шакиров жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчиси Төрөкул Мадалиев катышты.


Эске салсак, чемпионат 15-мартта ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн