Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Роналду “Ювентустун” карамагына кайтып келди

05.05.2020 09:27
920
Роналду “Ювентустун” карамагына кайтып келди


“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Италияга кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 35 жаштагы футболчу март айында Сериа А чемпиондугу убактылуу токтогондо Мадейрага үйүнө кеткен болчу. Роналду команда менен машыгардан мурун 14 күн үй карантининде өзүн изоляцияга алат.


Ал эми жакынкы күндөрү “Ювентустун башка легионерлери - Гонсало Игуаин, Дуглас Коста, Алекс Сандро, Данило, Войчех Шченсны, Адриен Рабьо, Сами Хедира, Маттейс де Лигт жана Блез Матюидинин команданын курамына келери күтүлүүдө.


Эске салсак, 4-майдан баштап Италияда жекече машыгууга уруксат берилген, ал эми 18-майдан баштап командалык машыгууларга.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн