Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Россия АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону токтотконун сынга алды

15.04.2020 18:43
931
Россия АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону токтотконун сынга алды


Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна чабуул жасоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу Россиялык басылмалар жазып чыгышты. 


Рябков АКШ президенти Дональд Трамптын Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтотуу боюнча чечимин сынга алып, Вашингтон ДСУга мында ары чабуул жасоолорун токтотушу керек деп билдирген.  

“ДСУ өз ишмердүүлүгүн өзүнүн уставына ылайык жүргүзүүдө. Мындан тышкары, бул уюм көптөгөн өлкөлөрдүн анын ичинде окумуштуулардын жана дарыгерлердин сый-урматына ээ”, - деген Рябков.


Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп бүгүн эртең менен ДСУга каражат бөлүүнү токтотуп жатканын жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн