Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларын күчтөндүрөт

28.04.2023 14:59
1256
Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларын күчтөндүрөт

АКШнын, союздаштарынын кадамдарынан жана Борбор Азиядагы аскерий ордун калыбына келтирүү аракеттеринин фонунда Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларында аскердик даярдыкты күчөтүүдө. Бул туурасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгунун айтканын РИА Новости жазды.


"АКШ менен анын союздаштары террорчулукка каршы күрөшүүгө жардам беребиз деген шылтоо менен Борбор Азиядагы өзүнүн жайгашуусун калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу өтүнүчтөрүн биз Шанхай кызматташтык уюмунун мейкиндигиндеги стабилдүүлүккө түздөн-түз келтирилген коркунуч деп эсептейбиз", — деген Шойгу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргонуу министрлеринин Нью-Делиде өткөн жыйынында.


Ал аталган аймакта жайгашкан эки мамлекеттеги россиялык базалардын аскердик даярдыгын арттырып жаткандыгын билдирген.

"Биз өзүбүз тараптан Кыргызстан, Тажикстандагы базаларда жаралып калышы мүмкүн деген көйгөйлөргө реакция кыла турган аскердик даярдыкты күчөтөбүз", — деп кошумчалаган ал.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн