Москвада 14 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы кабарлады.
Маалым болгондой, 14 жаштагы кыз соода борборунда өзүн жаман сезген. Тез жардам анын боюнда бар экенин аныктап, хирургиялык жол менен кыздын жана наристенин өмүрүн сактап калган.
Кыздын ата-энеси анын зордукталганы тууралуу билген эмес.
Төрөттөн кийин окуучу кыз окуяны ата-энесине айтып берген.
Анын айтымында, ал Бека аттуу бала менен таанышкандан кийин зордукталган. Төрөттөн алдың Бека Кыргызстанга кетип калууга үлгүргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн