27-сентябрда Орусиянын Курган облустук соту Мансуржан Р.ны 2012-жылы ишкер Наталья Аминова менен анын 8 жашар кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Кыргызстандык 50 жаштагы жаран 16 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди.
Киши өлтүрүлгөн күнү Курган шаарынын кримтөбөл кардар катары өзүн тааныштырып, жергиликтүү тургундун үйүнө кирген. Тапанча менен коркутуп, кыргызстандыкты бычак менен аялды жана анын кызын өлтүрүүгө мажбурлаган. Андан соң ал айыпталуучуну жарадар кылган. Ал аман калып, милицияга кабар берген.
Кыргызстандык өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Ал өкүм боюнча даттанууга ниеттенүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн