17-апрелден бүгүнкү күнгө чейин Россиядан Кыргызстанга 17 “Жүк 200” жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда каза болгондордун сөөгүн Казакстан аркылуу транспорт менен жиберишкен.
“Россия жана Казакстан тарабы менен болгон макулдашууга ылайык “Жүк 200” атайын жабдылган автоунаада, тийиштүү документтери менен, бир жакын адамынын коштоосунда өткөрүлө тургандыгын белгилейбиз”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн