Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Россияда полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган жаран боюнча РФнын тышкы иштер министрлигине нота берилди

03.11.2021 16:38
679
Россияда полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган жаран боюнча РФнын тышкы иштер министрлигине нота берилди

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Россиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео социалдык түйүндөрдө тараган.


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2-ноябрда болгондугу аныкталды. Ошондой эле Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районунун милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өздүгү такталды.


Элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча Россиянын ИИМнин башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Россиянын Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду.


Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Россиянын ИИМнин Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.


Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн