Россияда туристтик сезондун ачылышы жана аймактар аралык карым-катнашка 1-июлдан тартып уруксат берилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко билдирди.
Буга чейин премьер-министр Михаил Мишустин Россия акырындап курорттук сезонго эшигин ача турганын жарыялаган. Ошондой эле ал аймактардын губернаторлоруна туристтик тармакты ачууга даярдык көрүү тапшырмасын берген.
Белгилей кетсек, Москва шаарында бүгүн, 9-июндан тарта карантин режими алынганы маалымдалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн