Россиядагы кыргыз жарандары коронавируска каршы акысыз эмделе алат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи" радиого берген маегинде билдирди.
Ал Россияда 700 миңден 1 миллионго чейин кыргызстандыктар бар экендигин жана бул жарандарды эмдөө маселеси чечилиши керектигин айтты.
«Мен бул тууралуу Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөштүм. Ушул эле суроону Садыр Нургожоевич Владимир Владимирович Путин менен жолугушууда дагы көтөрдү», - деди Бейшеналиев.
«Ошондой эле Садыр Нургожоевич Россияда иштеген кыргызстандыктарды медициналык камсыздандыруу маселесин көтөрдү. Бул актуалдуу маселе. Буга чейин дарыгерге кайрылганда, кыргызстандыктар кызмат акысын чет өлкөлүк адамдар катары төлөшкөн. Эгер маселелер чечилсе, алар орустардыкындай эле медициналык кызматтарды ала алышат», - деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн