Жогорку Кеңешке Тышкы иштер министрлиги "Ата Мекен" фракциясынан учурдагы парламенттин депутаты Гүлнара-Клара Саматты Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына сунуштоо боюнча документтер келип түштү. Бул тууралуу Kaktus.media маалымат булактарына таянып жазды.
Документтер кийинки жумада парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда каралат.
Аликбек Жекшенкулов аталган кызматтан чакыртылып алынгандан кийин Кыргызстандын Россиядагы элчилик орду бош калган.
Өз кезегинде Гүлнара-Клара Самат 2020-жылы шайлоого "Мекенчил" партиясынан катышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн