Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Бишкекке келди

01.03.2023 09:45
257
Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Бишкекке келди

Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, кадырлуу меймандарды "Манас" эл аралык аба майданынан кыргызстандык кесиптеши Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.


Министр Александр Куренковдун иш сапарынын алкагында бүгүн, 1-мартта Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн