Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россиянын жана Кытайдын элчилигине бомба коюлду делген маалымат жалган болуп чыкты

05.07.2022 13:41
349
Россиянын жана Кытайдын элчилигине бомба коюлду делген маалымат жалган болуп чыкты


Россиянын жана Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратына бомба коюлган делген маалыматты белгисиз адамдар милицияга кабарлашкан.


Маалыматка ылайык, алгач кабар Россия элчилигинде деп келген. Текшерүүдөн жарылуучу каражат табылган эмес. Кийин Кытайдын Бишкектеги элчилигинде бомба коюлганы кабарланган. Элчиликке ыкчам-тергөө тобу, кинологдор, саперлор барып, жарылуучу зат таба алышкан эмес.


Бул факт милициянын маалыматтарды каттоо журналына түшүрүлүп, учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн