Кулжа 26, 2024
Убакыт: 05:32
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Роза Отунбаева “экс-президент” макамынан ажырайбы?

24.11.2020 10:54
14305
Роза Отунбаева “экс-президент” макамынан ажырайбы?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга берген маегинде Ош окуясына тиешеси бар эки адамды жоопко тартса боло турганын билдирди.


Ошол окуянын чыгып кетишине эң негизгиси Улуттук коопсуздук  мамлекеттик кызматы (УКМК) менен президент болгон. Ал учурда УКМК бүт баарын билип турган. Президентке да кан төгүлүп кетерин эскертип жазуу жүзүндө да маалымат берип турган. Ошондо бул жерде отуруп албай түштүккө барып иштеши керек эле да”, - дейт ал.


Муну менен Жапаров Ош окуясына ошол кездеги президент Роза Отунбаева менен УКМКны 2010-жылы жетектеп турган Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптуу катары сыпаттады. Демек, Садыр мырза президент болуп келгенде бул адамдардын жоопкерчилиги каралышы ыктымал. Анда Р.Отунбаевнанын “экс-президент” деген макамы алынабы?

Пикирлер (32)

Коопсуздук коду
Мак
Алып ташташ керек,Роза Отунбаева жакшы иш калбады эл учун,эгерде 2010 жылы Ош когаланы боюнча айыптуу болсо жооп бериш керек,канчалаган адамдар олуп кетишти
Керим
Отунбаева 2010-ж. Ош окуясына эле эмес : тоноочулук, Ж.Бакиев, К.Батыровдордун чыгып кетишине толук күнөлүү. Азыр жооп бербесе кийинки бийликтер мойнуна койушат.
Нурлан
Ошол айтылган окуяга куноосу болсо айыбын тартыш керек. Мындан сырткары, Экс Президент макамын 6 жыл толук жакшы иштеп бутургон учурда гана берилиш керек деп ойлойм, демек Отунбаеванын да Жээнбековдун да "экс" макамдарынан ажыратыш керек.
КАНЫМГУЛ АРЫКБАЕВА
Туура баарына куноолуу элдерди эки экиден кычаштырбай туура кылат экс президент макамын алсын колдойбуз
Кокумбаева Жанарбу
Макамы алынсын карапайым Эл катары жашап коргон жок биздин балдарыбызга Бир тыйын тологон жок мыйзамдары курусун булар,Адам катары бизди коргон жок.Отунбаева канча жылдан бери алгандарын мамлекетке откоруп берсин.Уку жок элдин устунон багылууга.