Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Отунбаева пенсиясынан 1 млн сом дарыгерлерге которуп берет

02.04.2020 14:39
860
Отунбаева пенсиясынан 1 млн сом дарыгерлерге которуп берет


Экс-президент Роза Отунбаева пенсиясынын эсебинен 1 млн сомду коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине которуп берет. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткан дарыгерлерди колдош үчүн бул каражат которуп жатат. Экс-президент башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, каражатты дарыгерлерди колдоого которуп жатат», - деди ал.

Кендирбаеванын айтымында, аталган фонддо иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн