Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даниярова 28-июнда 95 жаш курагында дүйнө cалды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери фондунан” маалымдашты.
Маркумдун сөөгү эртең, 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.
Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районундагы Кеңеш айылында туулган. 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.
Жети кыз, бир уулдун энеси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн