Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Руханий каганат (империя)

11.06.2021 17:09
3855
Руханий каганат  (империя)


Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов 2008-жылы ооруп атканда жазган макаламды сиздердин назарыңыздарга сунуштайм.


РУХАНИЙ КАГАНАТ (ИМПЕРИЯ)


Эпилог ордуна


«Соседи монголов уйгуры, тюркский народ, кочевавший на севере Центральной Азии, когда-то были повелителями всей Монгольской возвышенности. В середине VIII века именно они владели территорией, занимаемой сейчас Монголией, создали моңное государство, которое пало в 840 году н.э. под ударами киргизов (кыргызов), живших в то время в бассейне верхнего Енисея».


(С.С.Уолкер. «Чингиз хан», стр.10. Ростов-на-Дону, «Феникс», 1998).


Жалпы адамзаттык ойчул жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуулук дидарына бир аз сүртүмдөр


Акыркы эки жумадан бери жолуккан тааныш-туунуштар саламдашкан соң эле: «Чыңгыз Айтматовдун ден соолугу кандай экен?» – деп сурашат. Кыргыз кантип «жаман» деп айтсын. Чын-төгүнүн билбесем да: «Жакшы экен, жакшы болуп калыптыр» – деп жооп берип аттым.


Адам сыркоолоп атканда барып ал-жайын сурап коюу, жылуу сөз айтуу байыркыдан келаткан салтыбыз эмеспи.


Чыңгыз Айтматов агабыз алыскы Германияда дарыланып жатат. Ал жакка барып келүүгө ар бирибиздин эле мүмкүнчүлүгүбүз жете бербейт.


Төмөндөгү кебибиз Чыңгыз агабыздын ал-жайын сурап барган жылуу сөзүбүз болсун дейли.


ГЕНЕТИКАЛЫК ЭС-ТУТУМ (ПАМЯТЬ)


Чыңгыз Айтматовдун бу дүйнөгө кыргыз жергесинде жаралышы кокустукпу же...


Жок, тарыхтын жолундагы кадыресе боло турган окуя. 


Себеби эртеби-кечпи бир кыргызга бир Чыңгыз жаралышы керек болчу.


Дегеним, кыргыз эли сөздөн бүткөн эл. Кыргыздар гана ымыркай төрөлсө «бата» берип, сөз менен тосуп алат, «бешик ырын» ырдап сөз менен сооротот. Жылкы кайтарса, үрөн сээп, эгин эксе, ашыгзар болсо баарын ырдап, сөзү менен билгизет. Жоого аттанарда сөз менен ант берет. Өлгөндө да сөз чыгарып, кошок кошуп узатат. Андан да сөз менен жаан жаадырып, сөз менен адамды оорудан айыктырат. Өзүнөн алда канча саны көп жоо менен чабышканда, кырылып жок болуп кетээрде сөз менен кайра тирилген элбиз. Сөздү кылыч кылып, сөз менен «Улуу кыргыз сепилин» курган элбиз. А болбосо океан сымал «Манас» кайдан жаралмак эле.


Ал эми сөз бүткөн жерде, ишеним бүткөн жерде кудайдын да күнү бүтөт.


Демек, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элинде жаралышы улуу «Манас» эпосунун эле жаңы дүйнө тааным шартындагы уланышы деп түшүнөм.


ТАГДЫР


Чыңгыз Айтматов, биринчиден, кыргыз жергесинде төрөлүп, улутунан жолдуу болсо, экинчиден, тунгуч кыргыз интеллигенциясынын үй-бүлөсүндө туулуп, ошол тагдырга эгедер болду. Эс-тутуму, кабылдоосу эң аруу учурда 1-классты Москвадан окуп, орус тилинин алиппесин тааныды. Анан атасы куру жалаа менен репрессияга дуушар болгондо апасы, эки бир тууганы менен түн катып Таласка келди. Согуштун согуштук азабын майдандагы жоокер гана көрбөй, балалык азабын уулдары кайтпай калган үйлөргө кара кагаз жеткизип он үч жаштагы Чыңгыз да көрдү. Ошонун баарын балалык сезимтал жүрөгү аркылуу өткөзүп, кемелине келгенде акылга калчап жазды. Согуш адамдарды сынады. Ошондо кимдин ким экенин билди. Таза рух, намыс, бийик адамдык касиет гана баарын жеңип чыгарын даңазалады. Деги согуштун наадандык касиетин Ч.Айтматовдун деңгээлинде ачып берген сүрөткерлер дүйнөдө өтө саналуу эле.


УЛУТТУК  СҮРӨТКЕР


Улуу жазуучунун чыгармаларында улутчулдук идеясы жаркырап көрүнбөй, тереңде гана уюп жатат. Ошол себептен дүйнөлүк лексикондо «социализм», «капитализм» деген сыяктуу эле Чыкебиздин чыгармасынан кийин «маңкуртизм» деген термин пайда болду.


СССР күргүштөп турган заманда баш калаабызда бир эле кыргыз мектеп бар экенин, атүгүл облустук гезиттерибиз «Нарын правдасы», «Ысык-Көл правдасы» деп аталып, маңкуртташып баратканын эң биринчи ушул инсан көтөрүп чыкпадыбы.


СССРдин президенти М.Горбачев кайсы бир журналисттин «Кайра куруу идеясын кайдан алдыңыз?» деген суроосуна: «Ч.Айтматов сыяктуу жазуучулардын чыгармасынан алдым» – деп жооп бергени эсибизде.


Айтматовдун каармандары же атактуу баатыр, же тарыхый инсан эмес. Биз сыяктуу эле биздин катарыбыздагы карапайым кишилер. Дүйшөн менен Танабай, Эдигей менен Казангап, Ысмайыл менен Сейде, Жамийла менен Данияр, же кечээки Бостон менен Арсен Саманчин.  Ошол катардагы адамдын жан дүйнөсү, дүйнөгө, адамга болгон мамилеси аркылуу улуу бийиктикти көрсөтө алган.


Дүйнөнүн түркүгү президенттер, саясатчылар же олигархтар эмес, ошол күнүмдүк өмүрдө адам деген бийик атты туу туткан карапайым адамдар аркылуу кармалып турарын айгинеледи.


Ошентип, Айтматовдук көркөм, чебер, интеллектуалдык талант аркылуу айылдык кыргыз эне Толгонай апа Шекспирдин «Король Лири» жеткен бийиктикке жетип, а кезде Кыргызстанды билбеген Франция, Жапония, Германия ж.б.у.с. өлкөлөр да Толгонайдай кыргыз энени таанышты.


Кыргыз дүйнөгө даңаза болду.


«АЙТМАТОВИАДА»


Кыргыз руханиятында тээ 70-жылдардан баштап өзүнчө бир дүйнө пайда болду. Ал «Айтматовиада» дүйнөсү.


Дегеним, кыргыз адабиятын гана дүйнөлүк даражага көтөрбөстөн, бүт кыргыз маданий дөөлөтүбүздү обого бийик көкөлөттү. Адегенде Айтматов аркылуу дүйнөдө «кыргыз кино керемети» пайда болду. Кыргыз драматургиясы эбегейсиз өстү. Кыргыз опера жана балет өнөрү дүйнөнү таңгалтты. Көркөм сүрөт өнөрү айтматовдук деңгээлге көтөрүлдү.


Мунун баарын айтып жатканым биз, кыргыздар, ички чалкеш саясатыбызда ар кайсы партия сөрөйгө окшош саясий партияларга бөлүнгөнүбүз менен тышкы дүйнөдө биздин бир гана партиябыз бар. Ал «Манас» менен Чыңгыз Айтматовдун руханий партиясы.


Ошон үчүн бири-бирибиз менен көп айыгышпайлы, түбү барып бир партиялашпыз «кыргыз» деген.


АДАБИЯТ ЖАНА ААЛАМИЯТ


Анын кеменгерлиги – кечээкини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини да көрө билгендигинде.


Ушул Аалам, Жер, Күн, Ай, Аба, Суу биз үчүн бүтпөстөй сезилет. Бирок адамзат кылдын эле учунда жашап келет. Эгерде Түндүк муз океаны эле бир градуска ысып кетсе, бүт дүйнөнү сел капташы мүмкүн.


Демек, эң ириде биз адамбыз, адамзатпыз. Адамзаттын эң улуу озуйпасы укумдан тукумга тирүүлүктү сактап калуу. Бул, экологиялык апокалипсистин жакындап келатканы Акбара менен Ташчайнар, же кечээки эле Жаабарс аркылуу не бир терең жана көркөм коңгуроо салып жатпайбы... Жалпы адамзат төбөсүндөгү идишке суу куюп этият келаткан адамга окшош. Бир мүдүрүлүп төгүлсө эле баары бүтөт.


Экинчиден, адеп-ахлак, ыйман-ынсап катастрофасы. Адам адам деген ыйык атын сактаганда гана адам боло алат. Айтматовдун ар бир чыгармасында өмүрдүн кереметтигин даңазалоо менен бирге: «Адамдар, адамдыктан кетпегиле» –деп көр дүйнөдөн жан дүйнөнүн бийик экендигин айтып, чаңырык таштап жаткансыйт.


Айтматов Адамды сүйүнтөт, кайгыртат, жаралантат, ойлонтот. Антпесе сөзү мокоп, Айтматов болбой калат беле...


Биз Айтматов менен замандашпыз. Европада «агартуу доорунда» («Век просвещения») жашагандарды өтө бактылуу адамдар дешет экен. Биз руханий жаатында айтматовдук доордо жашап жатабыз.


Кыргыз сүрөткери Чыңгыз Айтматов аалам алптары А.Пушкин, У.Шекспир, О. Де Бальзак, В.Гюго, Г.Гете, Вольтер, Ф.Достоевский, Л.Толстой, Э.Хемингуэй сыяктуу улуу бийиктиктеги жаратман экенин бүгүн аңдабасак да эртең моюнга аларбыз.


РУХАНИЙ ИМПЕРИЯ


Дүйнөдө болгону саналуу эле империя болгон. Аны саналуу эле элдер курган. Алардын бири – биз, кыргыздар. Бүгүнкү кыргыздар кокту-колотко бөлүнүп, аяк-башыбызды таппай атсак, биздин ата-бабалар IX – X кылымдарда эле «Улуу кыргыз каганатын» курушкан. Тиягы Байкал, быягы Кашкарга чейинки чөлкөмдү бийлеп, улуу кыргыз доору жүргөн. Кыргыздын накта салтанатын курушкан.


Эми эртедир-кечтир, замандын бир заманында кайрадан бир империя курушубуз керек эле. Доор өзгөрдү. Приоритеттер өзгөрдү. Нарк өзгөрдү. Демек, аскерий эмес, башкача каганат курушубуз зарыл болчу.


Биз аны кура алдык. Бир эле улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун кудурети менен гана. Ал аскерий же экономикалык империя эмес, ал нукура руханий каганат. Бул каганат сөз касиетинен курулду.


Себеби Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 150 өлкөдө 70 миллиондон ашык нуска менен жарык көрдү. Окумдуулугу боюнча дүйнөдө У.Шекспирден кийинки экинчи орунга чыкты.


Адатта генийлер англичан, еврей, немис, жапон, кытай элдеринен жаралып келген.


Аз сандагы элдерден эч кимиси Чыңгыз Айтматов жеткен бийиктикке жеткен эмес.


Жети миллиардга чамалаш дүйнө калкы. Арасында алакандай 5 миллион кыргыз эли, кумшекердин бүртүгүндөй болуп. Анан дүйнөнүн Шекспирден кийинки экинчи рух алпы ошол кичинекей кыргыз элинен болуп атпайбы.


Дүйнө эки гана Чыңгызды билет. Бирөөсү кылыч менен таанылган, экинчиси калем сап менен таанылган. Бири – моңгол, бири – кыргыз. Экөө тең көчмөн.


Бири аскерий империя курду. Анысы бүлүнүп талкаланды.


Экинчиси руханий каганат курду. Рух касиети болсо өчпөс-өлбөс эмеспи.


Бүгүн Дүйшөн менен Танабай, Толгонай эне менен Эдигей, Ысмайыл менен Сейде, Казангап менен Бостон, Асел менен Илияс, Акбара менен Ташчайнар, Каранар менен Жаабарс ж.б. айтматовдук каармандар биригип келип, жаратманыбыз Чыңгыз Айтматов өзү айыгып кетсе экен деп тилеп турушат.


Мен да ошолорго кошулам.


Өткөндө Би-Би-Си радиосунун кыргызча уктуруусунан бир кыргыз интервью берип: «Мен керек болсо Чыңгыз Айтматовдун боору ооруп атса, өз боорумду бергенге макулмун» – дейт.


Мынакей кыргыз патриотизми!

Көөнөрбөң, Кыргыз Руху!


(«Де-факто» гезити,

 2008-жылдын 3-июну)


Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн