Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Руслан Акматбек: “Кыргызстан коррупциянын айынан жылда 700 млн доллар жоготот”

14.07.2021 11:21
1035
Руслан Акматбек: “Кыргызстан коррупциянын айынан жылда 700 млн доллар жоготот”


Саясатчы Руслан Акматбек коррупция тууралуу ачуу ойлорун жазды: “Кыргыз бийлиги өлкөнүн, коомдун көйгөйүн чечүүгө компетенциясы, эрки жетпей, бирөөнү же бирдемени сатып, кармата коюп же сатылып эле оокат кылганга өтүп алды. Жалдырап эле жардам сурап, карыз аңдып, донор эле донор деп... Баалуулук, профессионалдуулук, компетенция, дипломатия, улуттук кызыкчылык, улуттук аброй, өлкөнүн пайдасы, жарандын укугу, сүйлөшүү, талкуу, ынандыруу, демилге дегендерди эбак унуттук. Ички потенциалды, ишкерлерди карабайбыз. 


Ошончолук эле финансылык, аскердик-техникалык жардам керек экен, өлкөдөгү коррупцияны жой! Эсептөөлөр боюнча Кыргызстан коррупциянын айынан жылда 700 000 000 $ (жети жүз миллион АКШ доллары) жоготот. 700 млн. долларга эмне гана кылса болбойт?! Жалдырабай, бирөөнүн көзүн карабай, каалаганыңды ала бер. Карыз алганыңды, кайыр сурап келгениңди тоноп кетип жатпайбы. Бирөөлөлөргө муктаж болууга аргасыз эмеспиз!”

 

Булак: “Азия Ньюс” гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн