Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров артынан киши түшкөнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, белгисиз эки адам аны күнү-түнү аңдып жүрөт.
Бекназаров аларды укук коргоо органдарынын балдары болсо керек деп тергөөчүгө байланышкан. Тергөөчү болсо "бизден эмес" деген.
Мындан улам Руслан Бекназаров өзүнүн коопсуздугу үчүн президент Садыр Жапаров жана Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, аларга чара көрүүнү суранган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн