Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 10:04
USD
87.10
87.60
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.095

Руслан Казакбаев Кениянын Түркиядагы элчиси менен жолугушту

13.02.2025 12:04
258
Руслан Казакбаев Кениянын Түркиядагы элчиси менен жолугушту


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кениянын Түркиядагы элчиси Леонардо Нгейва Бойо менен жолугушту.


КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кыргыз-кениялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.


Тараптар жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.


Экономика, маданият, билим берүү, туризм жана башка негизги тармактарда эки тараптуу келишимдерди түзүү маселелери талкууланды.


Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар күч-аракетин эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө жана чыңдоого багыттоого макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн