Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Руслан Казакбаев: Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө

24.02.2021 16:41
738
Руслан Казакбаев: Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө

2021-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 46-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жыйынына (сегментине) катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министр Р.Казакбаев ѳз сөзүндө Кыргызстанда болуп ѳткѳн демократиялык президенттик шайлоо, өлкөдөгү адам укуктары жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө дүйнө коомчулугуна маалымат берди.

КР ТИМ башчысы өз кайрылуусунда Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын белгиледи: конституциялык реформаларды жүргүзүү; коррупцияга, кылмышкерлерге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү; сот жана укук коргоо тармагын реформалоо; кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо.

“Мындай ыкма укуктардын үстөмдүгү, мыйзамдуулуктун жана тартиптин, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоонун, алдыга жылдыруунун принциптерин камтыган жана сөз эркиндиги сакталган жаңы кыргыз коомунун түптөлүшү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишенемин. Кыргызстан адам укуктарын урматтаган жана коргогон өлкө катары өз ыйгарым укуктарын мындан ары дагы бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди ар дайым аткарууга умтулат. Өлкөдө адам укуктарын жана эркиндиктерин өнүктүрүүгө, анын ичинде бардык категориядагы адам укуктарын коргоодо жогорку деңгээлге жетүүгө багытталган комплекстүү стратегияларды жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү иштерди баштады”,-деп баса белгиледи министр.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев өлкөдѳ адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана сактоону жактагандыгын ырастап, 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлиги көрсөтүлгөндүн дүйнө коомчулугуна билдирди.

Маалымат үчүн: БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 2006-жылдын 15-мартында түзүлгөн. Адам укуктары боюнча кеңеш 47 мамлекеттен турат жана адам укуктары жаатындагы маселелер менен кырдаалдарды жыл бою талкуулоочу форум болуп саналат. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Жогорку деңгээлдеги жыйынына (сегментине) мамлекет жетекчилери, өкмөт башчылары, министрликтердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн