Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев канадалык кесиптеши Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүү Канада тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Анын жүрүшүндө Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзгөнгө аракет кылып келери айтылган.
"Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү белгиленди. Министр Руслан Казакбаев өлкөгө ак ниет бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаган чет элдик инвесторлор чакырыларын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн