Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Руслан Казакбаев "Азаттык" радиосунун башчылары менен жолугушту

14.09.2021 17:41
723
Руслан Казакбаев "Азаттык" радиосунун башчылары менен жолугушту

2021-жылдын 13-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент жана башкы аткаруучу директор Жейми Флай башында турган «Радио Свобода» корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууга ошондой эле "Азаттык" кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева жана "Азаттык" кызматынын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаилов катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев "Азаттык" радиосу Кыргызстандын маалымат талаасында салттуу түрдө өзгөчө орунду ээлеп турганын жана көп жылдар бою өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ишенимдүү маалымат булагы бойдон кала берерин белгиледи. Мындан тышкары, маалымат агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча ар кандай пикирлерге карабастан, ал эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги принциптерин карманууну улантып жатканын, аудиторияга маалыматты ачык жана айкын жеткирип жатканын баса белгиледи.


Өз кезегинде, "Азаттыктын" жетекчиси Д. Флай министрге жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап, журналисттерге алардын кесиптик ишмердүүлүгүн эркин жана тоскоолдуксуз жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзүп берип, аймакта өзгөчө ролду ойной турганын белгиледи.


Д.Флай ошондой эле министр Р.Казакбаевге Россия, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген “Азаттыктын” журналисттерин аккредитациядан өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана учурдагы болгон маалыматтык долбоорлорду кеңейтүү, ошондой эле КР жарандары үчүн да, региондун өлкөлөрү үчүн да кызыктуу боло турган жаңы маалыматтык долбоорлорду, атап айтканда миграция көйгөйлөрү боюнча долбоорлорду түзүү ниетин билдирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстанда "Азаттыктын" долбоорлорун улуттук гана эмес, регионалдык кылуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.


Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуялар биздин эркиндикти сүйгөн жана көп улуттуу элибиз эч качан белгиленген жолдон тайбай турганын жана Кыргызстан демократиянын жана сөз эркиндигинин принциптерин карманып жүргөндүгүн жана мындан ары да карманарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн