Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

ШКУнун курамына дагы эки өлкө кирет

08.09.2023 15:49
395
ШКУнун курамына дагы эки өлкө кирет


Беларус менен Монголия Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кошулат, алар азырынча байкоочу болуп саналат. Бул тууралуу Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (ААТТ) кеңешинин 40-отурумунун ачылышында белгилүү болду, деп билдирет Tengrinews.kz.


Жыйын Казакстандын ШКУнун ААТТ Кеңешине төрагалыгынын алкагында өтүүдө. Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Руслан Сейсембаевдин айтымында, ШКУнун катышуучуларынын курамы тынымсыз кеңейүүдө.


«Бул биздин уюмдун тынымсыз өсүп жаткан эл аралык беделин жана таасирин ынандырарлык түрдө көрсөтүп турат. Келерки жылы ШКУга кирүү процедурасын аяктап жаткан Беларусь Республикасынан тажрыйбалуу адистердин биздин ишибизге келиши күтүлүүдө. Монголияда дагы ушундай эле процедуралар жүрүп жатат», - деди ал Сейсембаев.


Эске сала кетсек, 2023-жылдын сентябрына карата ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу өлкөлөр: Афганистан (де-юре), Беларусь, Монголия.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн