Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 07:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Шаардык сот Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованы камакта калтырды

02.06.2023 13:23
402
Шаардык сот Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованы камакта калтырды


Бишкек шаардык соту Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованы камакта калтырды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.


Айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылганы айтылууда. Елена Калашникова 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.


Эске салсак, Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана уюмдун жетекчисинин үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Атайын кызмат Елена Калашникова менен вице-президент Александр Валитовду камакка алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн