Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду

25.11.2021 14:09
698
Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду



Бүгүн, 25- ноябрда Кыргыз Республикасынын Гимнин автору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин эстелиги “Ала - Арча” көрүстөнүндө орнотулду. Бул туурасында Маданият министринин басма сөз кызматы кабарлады.


Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасыын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук- маданий ишмерлер, жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Алгач Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылып, куран окулду. Андан соң, Кыргыз Республикасынын эл мугалими жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуев тууралуу эскерүүлөр айтылды.


Ал эми, министр Азамат Жаманкулов өз кезегинде Шабданбек Кулуевдин кыргыз маданиятындагы орду тууралуу кайрылуу жасап, анын нар көтөргүс жасап кеткен эмгектери тууралуу эскерди. 

Кыргыз элинин сыймыгы болгон Шабданбек Кулуев мамлекеттик символикалардын жаратууда коомчулук алдында чоң жоопкерчилик алуу меен, гимндин авторлорунун бири катары тарыхта калды. Учура бул гимн эгемендик алгандан тарта дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун сыймык менен жаңырып келет деп белгиледи.

Өз өмүрүн агартууга арнаган эл мугалими Шабданбек Кулуев билим берүү системасында гана эмес, маданият жаатында талыкпай эмгектенип, элеттеги элдин үнүн коомчулукка жеткирүүдө зор эмгектерди жасап, маданиятты даңктады. Шабданбек Кулуевдин ысымы түбөлүктүү жана тарыхта калган инсан деп сөзүн жыйынтыктады министр.


Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 2011-жылы "КРдин эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылган. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн