Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти Мырза Капаров мезгилсиз дүйнө салды

08.09.2021 18:50
870
Шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти Мырза Капаров мезгилсиз дүйнө салды


Кыргызстандын шахмат федерациясынын мурунку вице-президенти, белгилүү акын, публицист Нуралы Капаровдун уулу Мырза Капаров 41 жаш курагында көз жумду.

Ал 6сынан 7-сентябрга караган түнү инфарктан улам каза болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 8-сентябрда Чоң-Кеминдин Тегирменти айылында өттү.

Кыскача өмүр баяны:

1980-жылы Кемин районунун Тегирменти айылында туулган.

2002-жылы Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2003-2006-жылдары Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлору боюнча ишмердүүлүктү координациялоо боюнча башкы башкармалыкта жетектөөчү жана башкы адис болуп иштеген.

2006-2007-жылдары өкмөттүн юридикалык бөлүмүндө эксперт.

2007-2009- жылдары Президенттик администрациянын укуктук анализ жана экспертиза бөлүмүндө эмгектенген.

2009-2010-жылдары Юстиция министрлигинин Мыйзамдарды координациялоо боюнча борбордун директору.

2012-жылы өкмөттүн Уюштуруу жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүндө эмгектенген.

2012-2017-жылдары өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү, транспорт жана курулуш бөлүмүндө эксперт.

2015-жылы Кыргызстандын шахмат федерациясында вице-президент.

2018-жылы Өкмөттүн аппарат жетекчисинин кеӊешчиси.

2018-жылдан бери Ысык-Көлдөгү “Мурас” питомнигинин координатору.

Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеӊешчиси.

1993-1994-жылдары Шахмат боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болчу.

"Медиа центр" маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн