Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Жаныбек Аскарбеков жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Министр негизги баяндамачы болгондуктан Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында турууда.
Депутаттардын суроолоруна отуруп жооп берүүнү суранган министрге төрага Нурланбек Шакиев төмөнкүдөй жооп берди:
"Бул трибунада премьер-министрлер 4-5 сааттап турган. Сиз эки саатка да чыдабай жатасыз. Анан кантип өкмөт башчы болосуз?",- деди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн