Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Шакиев баштаган депутаттар иш сапары менен Кореяга жөнөп кетти

20.02.2023 11:56
218
Шакиев баштаган депутаттар иш сапары менен Кореяга жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. 


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.


Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышат.


Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн