Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Шакиев эки депутаттын коштоосунда Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти

15.05.2023 11:30
334
Шакиев эки депутаттын коштоосунда Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти


Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев Азербайжанга иш сапары менен жөнөп кетти, деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.


Иш сапардын алкагында төрага Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.


Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат.


Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн