Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шакиев парламент өз милдеттерин толук аткарып жатканын билдирди

07.09.2023 13:04
273
Шакиев парламент өз милдеттерин толук аткарып жатканын билдирди


Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым сөздөргө токтолуп, алардын катарында орундуу да, орунсуз да айтылган сындар бар экенин белгиледи.

“Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 3-сессиясыбызды баштадык. Биз шайланып келгенден бери өз милдеттерибизди так, даана жана ачык аткарып келе жатабыз. “Парламентте көп түрдүүлүк жок, депутаттар көз каранды, сырттан башкарылат, курч пикирлер айтылбайт” - деген сындардын баарын четке кагам. Анткени, депутаттар борбордук трибунада дагы, өз ордуларында дагы каалаган сөздөрүн айтып, каалагандай сүйлөп жатат. Эч кимге чектөө жок”, – деди Шакиев.

Төрага муну менен катар президент, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган бийлик жетекчилерине парламентте сын айтылбайт деген пикирге да кошулбай тургандыгын белгиледи.

“Алар кетирген кемчиликтерди мен да, депутаттар да байма-бай айтып келебиз. Айрымдарын элге көрсөтүп, микрофон аркылуу жарыя кылбасак да, жолугуп, сын-пикирибизди, кеп-кеңешибизди билдирип жүрөбүз”, – деди төрага.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Мадумаровдон башкасы сын пикир боюнча балык еле.Шакиев туур емес айтты.Эл көрүп турабыз го)))