Ылдамдыгы 130 км/саатка жеткен катуу шамалдан Стамбулда кеминде 5 адам каза болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дагы 40ка жакын адам катуу шамалдан улам шамал учурган үйлөрдүн чатырларынын сыныктарынан жабыркаган.
Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Босфор кысыгында кемелердин кыймылын токтоткон. Бороондон улам "Түрк аба жолдорунун" бир нече учагы Стамбулга коно албай, Анкара менен Измирге жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн