Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шарапаткан Мажитова, ЖК депутаты: “Бир партада үч-төрттөн бала окуп жатышса, кантип билим алышат?”

12.09.2023 12:03
251
Шарапаткан Мажитова, ЖК депутаты: “Бир партада үч-төрттөн бала окуп жатышса, кантип билим алышат?”


- Шарапаткан эже, мына жаңы окуу жылы башталды. Бирок, “чү” дегенде эле бул тармакта көп көйгөйлөр бар экени байкалууда. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?


- Ар бирибиз атабыз, ар бирибиз энебиз, үйдө балдарыбыз бар эки-үчтөн. Мектепке баруу биз үчүн бир жагынан майрам болсо, экинчи жагынан көйгөйлөрдү алып келүүдө. Быйылкы окуу жылы окуу куралдарынын жетишсиздиги менен башталды. Бул ири шаарлар гана эмес, жалпы аймактарга мүнөздүү көйгөй. Бул көйгөй алдын ала чечилиши керек эле. Себеби, май айынан баштап эле билим берүү министрлигине сунуш берип келдик. Айрыкча балдарды мектептерге жайгаштыруу боюнча. “Бир мектепте окуучулар өтө көп болуп, экинчисине аз болуп калбасын, мониторинг жүргүзүп карагыла” дегенбиз. Бул тапшырма дагы аткарылбаптыр. Бүгүнкү күндө бир класста 50-60тан, бир партада 3-4төн бала окуп жатышат. Ушундай шартта алар кантип билим алышат?


- Сиздин айтымыңызда, китептерди басып чыгарууга бюджеттен 152 миллион сом бөлүнгөн экен. Анда эмне үчүн китептер жетишсиз, кымбат?


- Өзү жалпы билим берүү министрлигине 58 миллиард сом акча бөлгөнбүз. Анын 33 миллиарды эмгек акыга, 71 миллиону окучуулардын тамак-ашына, ал эми 150 миллиону жаңы окуу куралдарын басып чыгарууга бөлүнгөн эле. Бирок, бүгүнкү күндө ал акчалардын каякка кеткени дайынсыз. Бул боюнча министрлик жооп берет деп ойлойбуз. Себеби, министр Жогорку Кеңешке келип отчет бергенде “бүт мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат” деп айткан. Бирок, бүгүнкү күндө китеп маселеси чоң көйгөйгө айланды. Баасы асман чапчып атат. Бир китеп 350 сомдон 450 сомго чейин сатылууда. Бир балага жок дегенде он чакты китеп керек. Үч-төрт баласы бар ата-эне кантет? Ошон үчүн соцтүйүндөрдөгү группаларга чыгып, “арзан китебиңер барбы?” деп сураган эле ата-энелер. Ошондуктан бул маселе жакынкы арада чечилиши керек. Биз, бюджет комитети министрликти чакырып, “эгер акча жетпесе, дагы бөлүп берели” деген маселени койгону жатабыз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн