Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапары пландалууда

18.10.2022 15:45
391
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапары пландалууда

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапары тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, азыркы учурда дипломатиялык каналдар аркылуу иш сапардын убагы иштелип чыгууда.


“Албетте иш сапарды уюштуруу абдан татаал, бардык уюштуруу маселелерин, анын негизги мазмунун иштеп чыгуу керек. Бүгүнкү күндө министрликтер менен ведомстволор эки тараптуу келишимдерди, меморандумдарды жана иш-чаралардын пландарын даярдап жатышат. Ошондой эле өзбек тарапка каржылоого сунуштоо максатында экономикалык блок тарабынан инвестициялык долбоорлор даярдалууда. Жыйынтыктап айтканда, иш сапардын уюштурулушу эки президенттин иш графигинен көз каранды экенин белгилей кетүү керек. Ошентип, эки президенттин ыңгайлуу графигинин негизинде иш сапар уюштурулат”, – деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн